Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Султанбаев: Кыргызстан Кумтөр сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына канааттанды


"Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри жана Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тенгиз Бөлтүрүк. "Азаттыктын" коллажы.
"Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри жана Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тенгиз Бөлтүрүк. "Азаттыктын" коллажы.

Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

"Кыргыз тарапка Канаданын "Центерра" компаниясынын жетекчиси Скот Перри түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстандын "Кумтөр Голд Компани" ишканасына ээлик кылуусун карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүү сунушу менен кайрылган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сүйлөшүүгө Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, "Кумтөр голд компанинин" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер барган. Тараптар бири-биринин пикирлерин угушту", - деп жазылган маалыматта.

Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени 27-сентябрда белгилүү болгон. Анда “бул тагдыр чечүүчү сүйлөшүү болору” кабарланган.

"Азаттык" "Центерра Голд" компаниясынын маалымат кызматы менен байланышкан учурда мекеме азырынча сүйлөшүү боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG