Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

COVID-19: Кыргызстанда 1,5 миллионго чукул адам эмделди


Sinopharm вакциянасы менен эмдөө учуру. Кыргызстан. Июнь, 2021-жыл.
Sinopharm вакциянасы менен эмдөө учуру. Кыргызстан. Июнь, 2021-жыл.

2-октябрга карата Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген адамдардын жалпы саны 1 млн. 461 миң 885 адамды түздү. Анын ичинен 833 472 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 628 413 киши эки дозасын тең алды.

Акыркы суткада өлкөдөгү эмдөө түйүндөрүндө, медициналык мекемелерде 9 153 адам эмделди. Алардын 4 586сы вакцинанын 1-дозасын алса, 4 566 киши экинчи дозасын алды.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V жана Европа өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакциналары менен жүрүүдө.

9-сентябрда Түркиядан кытайлык Sinovac препараты да келген. Кыргыз өкмөтү октябрда эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келерин маалымдаган. Ага ылайык 2022-жылдын башында Moderna вакцинасы да алып келинет.

COVID-19га каршы вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Толук эмдөөдөн өткөндөргө сертификат берилет.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 178 миңден ашты, 2607 адам каза болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG