Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштады (видео)


“Раззаков” жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү иш-чарасы. 27-август, 2021-жыл
“Раззаков” жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү иш-чарасы. 27-август, 2021-жыл

Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын алмай болду. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттер үчүн өткөн жыйында билдирди.

"Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, "электр энергия керек болсо берели" деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар", - деди Бекмурзаев.

Анын айтымында, орун басары Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн учуп кеткен.

Бекмурзаев Тажикстан электр энергияны кандай шартта бере турганы сүйлөшүү учурунда белгилүү болот. "Нак акчага сатып алабыз, алмашуу болбойт", - деди ал тажик энергиясы тууралуу сүйлөп жатып.

Быйыл апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан 55 адам каза тапкан. Эки өлкөдө тең окуяга байланыштуу кылмыш иштери козголгон. Мындан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан. Соода-экономикалык алака толук калыбына келе элек.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандагы энергетикалык таңкыстыктын алдын алуу үчүн учурда Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканы да кабарланган. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG