Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Румынияда ооруканадагы өрт жети адамдын өмүрүн алды


Бухаресттеги коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан медкызматкерлер. 22-сентябрь, 2021-жыл. Румыния.
Бухаресттеги коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан медкызматкерлер. 22-сентябрь, 2021-жыл. Румыния.

Румыниядагы оорукананын коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүмдө тутанган өрт кеминде жети адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

Өрт 1-октябрда Констанца шаарындагы инфекциялык ооруканада чыккан. Ал маалда имаратта 113 бейтап болгон. Алардын ону жандандыруу бөлүмүндө эле. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан маалда бейтаптарды коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргөн.

Ноябрь айында Румыниянын түндүк-чыгышында коронавирусту дарылаган ооруканада өрт тутанып, 10 адам каза болгон. Алардын баары өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган эле.

Румынияны коронавирустун жаңы толкуну каптап жатат. Ушул күндөрү илдетке чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 12 миңдин тегерегин түзүүдө. Румыниядагы 19,5 миллион калктын үчтөн бир бөлүгү гана коронавируска каршы вакцина алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG