Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Лукашенко элинен кечирим суроодон баш тартты


Беларустун лидери Александр Лукашенко. 28-сентябрь, 2021-жыл. Минск.
Беларустун лидери Александр Лукашенко. 28-сентябрь, 2021-жыл. Минск.

Беларус лидери Александр Лукашенко полициянын карапайым тургундарга каршы жасаган аракеттери, куугунтугу үчүн кечирим суроодон баш тартты.

30-сентябрда CNN телеканалына курган маегинде Беларустагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу эл аралык уюмдардын сынын жана маалымат каражаттарынын жазгандарын да моюнуна алган жок.

"Жок, учурдан пайдаланып, кечирим сурагым келбейт. Эгер кааласам беларус медиасы аркылуу жасамакмын. Кечирим сурагандай эч нерсе кылган жокмун", - деди Лукашенко.

Беларуста толкундоо былтыр августта башталган. Ага Лукашенконун президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары жарыяланышы түрткү болгон. Буга каршылыгын билдирип көчөгө чыккан түмөндөгөн адамды полиция күчкө салып таркаткан. Миңдеген адамдар камалып, полициянын кыйноосуна кабылганын айтышкан. Ондогон оппозиция өкүлдөрү камалып, көбү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Amnesty International жана Human Rights Watch сыяктуу эл аралык уюмдардын полициянын кыйноосу тууралуу жазгандары боюнча суроо берилгенде Лукашенко “Беларуста Гуантанамо сыяктуу бир да жабык жай жок” деп билдирди.

Ал жергиликтүү маалымат каражаттарына көп чыкканы менен, чет элдик медиага өтө сейрек маек курат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG