Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Ноокенде 16 жаштагы улан киши өлтүрүүгө шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ноокен районунда 48 жаштагы кишинин өлүмүнө шек саналып, эки адам кармалды.

Алардын бири 19 жаштагы А. Ж., экинчиси - 16 жаштагы К.А. экени кабарланды.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган.

Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-ж.т. Ж.М. аттуу жарандын сөөгү жатканын билдирген.

Бул фактыны ошол эле күнү Ноокен милициясы бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен каттап, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.

Бул кылмышка шек саналган 19 жаштагы А. Ж. Ноокен райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды. Ал эми 16 жаштагы К. А. жашы жете электигине байланыштуу сот чечими менен ата-энесинин колуна тапшырылды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG