Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Аба ырайы: жаан карга айланат


Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-4-октябрларында аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде катуу шамал болот.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 5 … 10;

Талас облусунда түнкүсүн 0 … 5, күндүз 4 … 9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7 … 12, күндүз 12… 17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2 … 7, күндүз 7 … 12;

Нарын облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 7 … 12 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2 градус,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 8…10 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG