Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Баткен: Марипов чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн курулуп бүтпөй жатканын сынга алды


Кыргыз-тажик чек арасындагы "Достук" айылындагы чатырлар. Баткен району. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы "Достук" айылындагы чатырлар. Баткен району. Сентябрь, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган үйлөрдүн толук калыбына келтирилбей, курулушу кечеңдеп жатканын сынга алды.

Марипов бүгүн, 1-октябрда чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында курулушту тездетүүнү тапшырды.

"Күз ортолоп калды, жакынкы күндөрү суук түшөт, бирок мамлекеттик жана жеке менчик турак жайларды толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Каражат толугу менен бөлүнүп берилген, курулуш иштерин бүткөрүү үчүн бардык күч жумшалышы керек".

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле, куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерге каражат бөлүүнү да тездетүүнү тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 1-октябрда чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү. Анда жаңжалда жабыркаган айылдардын маселесинен тышкары "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" деп аталган инвестициялык форумга даярдык көрүү да каралды.

Маалыматка ылайык, иш-чарага бизнес-коомчулук, эл аралык уюмдар чакырылган. Жыйынтыгында бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлушу күтүлүүдө.

Форумдун негизги максаты - аймакка инвестиция тартуу жана Баткен облусунун ишкердик потенциалын кеңейтүү.

Быйыл апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта күйүп кеткен жана талкаланган Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу толук бүтө элек. Жергиликтүү тургундар көпчүлүк үйлөрдүн 50 пайыз курулушу да бүтө электигин айтышууда.

Чек арага жакын айылдардын айрым тургундары чатырда жашап жатат.

28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG