Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Соттук лингвистикалык, дин таануудагы түшүнүктөр боюнча сөздүк чыкты


Иллюстрациялык сөздүк.
Иллюстрациялык сөздүк.

Соттук лингвистикалык, дин таануу жана психологиялык экспертизалар боюнча негизги түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү чыкты. Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат сөздүк менен катар Кыргызстандын нормативдик базасындагы өзгөрүүлөр камтылган методикалык колдонмо чыгарды.

Сөздүк Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын (UNODC) колдоосу менен чыгып, аны түзүүгө лингвисттер, юристтер, филологдор жана учурда иштеп жаткан эксперттер тартылды. Кыргыз жана орус тилинде жарык көргөн сөздүктө соттук иштерде лингвистикалык, диний жана психологиялык экспертиза өткөрүү жана баа берүүдө колдонулган терминдер киргизилген.

Буга чейин эле Кыргызстанда айрым укук коргоочулар, адвокаттар диний-экстремисттик деп табылган материалдардын экспертизасы боюнча маселе көтөрүп келишкен. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул маселе терең диний изилдөөнү талап кылат деген пикирде болушкан.

Кыргызстанда мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат 2017-жылы түзүлгөн. Уюмдун негизги милдети - белгиленген тартипте соттук экспертиза жүргүзүү. Ал эми "Соттук дин таануу экспертизасын дайындоо, жүргүзүү Жазык кодекси (эксперттин укуктары жана милдеттери, жоопкерчилиги), Жазык-процессуалдык кодекс жана "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" мыйзам менен жөнгө салынат.

2018-жылы 75 экспертиза дайындалып, 37 соттук экспертизанын тыянагы берилген. 2019-жылы 592 экспертиза дайындалып, 462 изилдөө жүргүзүлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG