Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Стамбулдан Ошко Pegasus авиакомпаниясы каттай баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрга караган түнү Ош эл аралык аэропортуна Стамбулдан жүргүнчү учак учуп келди. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Стамбул-Ош багытындагы учак Pegasus компаниясына таандык.

Компаниянын өкүлү Юсуф Эрмандын айтуусунда каттамды ачууга байланыштуу сүйлөшүү эки жылга созулган.

"Фергана өрөөнүндөгү жүргүнчүлөргө Стамбул аркылуу дүйнөнүн 19 өлкөсүнө жана Түркиянын 22 шаарына жол ачылды. Мындан тышкары бул Ош шаары жана Кыргызстандын түштүгү үчүн чоң жарнама болуп берет", - деди Эрман.

1-октябрда Стамбул-Ош каттамындагы учак 130 жүргүнчүнү алып келип, кайра Стамбулга 155 адамды алып кетти.

"Түрк аба жолдору" компаниясы Стамбул-Ош-Стамбул багытында каттамын алгач 2012-жылы, 19-июлда баштаган. Бирок кийинчерээк каттам токтотулган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG