Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы кымбаттады


Түнкү Бишкек. (архивдик сүрөт)
Түнкү Бишкек. (архивдик сүрөт)

15-октябрдан тартып коммерциялык ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Министрлер кабинети Энергетика министрлиги менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында айтылды.

Ага ылайык, жаңы тарифтик саясат алкагында эл үчүн 1000 кВт саатка чейинки пайдалануудан электр энергиясына 77 тыйындан төлөнөт. Андан ашкандар 1 кВт саат электр энергиясына 2 сом 15 тыйындан төлөйт. Ал эми ишканалар 2 сом 50 тыйындан төлөйт. Өкмөт баалардын көтөрүлүшүнөн жыл аягына чейин бюджетке 476 млн. сом кошумча киреше болот деп үмүттөнүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев элди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Өкмөт электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары өчүрүлө турганы билдерген.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG