Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Жапаров Си Цзинпинди Кытайдын түзүлгөн күнү менен куттуктады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Сизди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Кыргызстан ар дайым Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана аны улантат", - деп жазылган мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Буге чейин Мамлекеттик чек ара кызматы Кытай Эл Республикасынын түптөлгөн күнүн майрамдоого байланыштуу 1-октябрдан 7-октябрга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара бекеттери жабыларын билдирген. Ага ылайык, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жүк алып өтүүгө тыюу салынат. 8-октябрдан тартып бекеттер кайрадан иштей баштайт.

Статистикага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 1 миллиард долларга жакын.

Мындан тышкары Кыргызстандын 5 миллиард долларга жакын тышкы карызынын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG