Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Михаил Саакашвили Грузияга кайтканын билдирди


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти, бозгундагы Михаил Саакашвили мекенине кайтканын билдирди. 1-октябрда Фейсбукка жарыяланган видеодо Саакашвили Батуми шаарында экенин айткан.

Бир нече саат мурда ал сегиз жылдан кийин Грузияга келгенин жазган. Бул маалыматтын чын-төгүнүн дароо бышыктаганга мүмкүнчүлүк боло элек. Грузиянын Ички иштер министрлиги дагы азырынча комментарий берген жок.

Соңку мезгилде Украинада жүргөн Саакашвили ушул апта башында «өлкөнү сактап калууга» жардам берүү үчүн Грузияга 2-октябрда бара турганын билдирген. Бул күнү Грузияда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили Саакашвили кайтары менен камаларын эскерткен.

Саакашвили президент болуп турганда "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" жана "парламенттеги оппозициячыл депутаттын сабалганын жаап-жашырган" деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айында алты жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүп келет. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

53 жаштагы Саакашвили 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинага келген жана бир нече убакытка чейин Одесса облусунун губернатору болуп иштеген. Кийин бийлик менен келише албай калып, Украинанын жарандыгынан ажыраган. Бирок азыркы президент Владимир Зеленский кызматка киришкенден кийин Саакашвилиге украин жарандыгын кайра кайтарып берген.

Саакашвили: Кыргызстан аткаминерлер жем жеген системадан арылышы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:35 0:00

XS
SM
MD
LG