Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Башкы прокуратура Сооронкулованын кайрылуусуна чара көрөт


Башкы прокуратуранын имараты. Бишкек.
Башкы прокуратуранын имараты. Бишкек.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулованын жарандык активист Рита Карасартова менен сүйлөшүүсү ачыкка чыгып кеткени жана Телеграмдагы аккаунттарына чабуул жасалганы тууралуу кайрылуусу боюнча Башкы прокуратура чара көрөт.

Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова "Азаттыкка" билдирди.

"Укук коргоочу Клара Сооронкулованын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу башкы прокурор Курманкул Зулушевге ачык кайрылуусу 1-октябрда катталды. Анда Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Сания Токтогазиеванын жеке аккаунттары атайын кызматтар тарабынан бузулганын билдирип, аларга чара көрүүнү суранышкан. Бул кайрылуу Башкы прокуратура тарабынан мыйзам чегинде каралып, тийиштүү чаралар көрүлөт".

30-сентябрда саясатчы, юрист Клара Сооронкулова менен жарандык активист Рита Карасартованын Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү соцтармактарга тарады. Сооронкулова тыңшоонун артында күч кызматтары турат деп белгилеп, бул иш боюнча Акыйкатчы институтуна жана Башкы прокуратурага кайрылган. Ага чейин юристтер Сания Токтогазиева жана Замир Жоошев Телеграм каналына чабуул болуп жатканын билдиришкен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG