Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

УКМК эскирген азыктардын мөөнөтүн өзгөртүп саткандарды аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ири көлөмдөгү эскирген азыктардын мөөнөтүн жасалмалап узартып саткан фактыны аныктады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн түштүгүндө сатылып жаткан азыктар R.G. Company менен "М.И. Компани" ишканасына таандык болуп чыккан.

Товарлар Орусиядан, Казакстандан жана Бишкектен келип турган. Атайын иш-чаранын алкагында 30-сентябрда кампаны тинтүү убагында жарактуулук мөөнөтү жасалма түрдө узартылган балдардын тамак-ашы, конфет, печенье, торт, сүт азыктары жана башкалар табылган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул компаниялардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн көмүскө кирешеси күнүнө 2 миллион сомдон ашкан.

Кыргызстанга сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып жүргөн компаниялар аныкталганын буга чейин Башкы прокуратура дагы билдирген. Алардын мындай мыйзамсыз иштерине укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жардам берип жүргөнү да айтылган.

Ал эми адистер дүкөндөр менен базарларда сапаты начар, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк сатылып жатканын, аны текшерген киши жок экенин белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG