Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Адвокат тыңшоо ишине байланыштуу ИИМдин тергөө башкармалыгын сотко берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адвокат Замир Жоошев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгын сотко берет.

Буга былтыркы 5-6-9-октябрдагы массалык башаламандыктар боюнча түзүлгөн кылмыш иштин алкагындагы тыңшоолордун корутундусу жашыруун маалымат катары өзүнчө томго бөлүнгөнү себеп болгон.

"Буга чейин иштин материалдары менен таанышканда 100 чакты активистти тыңшоого тийиштүү материалдарды көргөм. Сканерден өткөн вариантта алар жок экен. Сурасам айрым документтер жашыруун томго бөлүнгөнүн жана анда далилдер жок болгондуктан сотко берилбей турганын, аны менен таанышуу да мүмкүн эместигин айтышты. Тергөө тобунун мыйзамсыз аракети жана чечими үчүн сотко арыз жазылат", - деди Жоошев.

Адвокат "Азаттыкка" билдиргендей, тыңшоолор тууралуу маалыматтар 99 томдук иштин ичинде мурда ачык болсо, жакындан тарта жашыруун томго өзүнчө бөлүнүп калган.

ИИМ адвокаттын дооматына жооп бере элек, "Азаттык" бул боюнча маалымат сурап министрликтин басма сөз кызматына кайрылды.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрда ачыкка чыккан. Ички иштер министрлиги муну моюнга алганы менен тыңшоолордун корутундусу жашыруун болорун билдирген.

30-сентябрда саясатчы, юрист Клара Сооронкулова менен жарандык активист Рита Карасартованын Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү соцтармактарга тарады. Сооронкулова тыңшоонун артында күч кызматтары турат деп белгилеп, бул иш боюнча Акыйкатчы институтуна жана Башкы прокуратурага кайрылган. Ага чейин юристтер Сания Токтогазиева жана Замир Жоошев Телеграм каналына чабуул болуп жатканын билдиришкен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG