Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Коомдогу агрессияны ашкерелеген чыр


Социалдык тармакка тараган видеодон алынган скриншот.
Социалдык тармакка тараган видеодон алынган скриншот.

Бишкекте коляскасы менен турган эне-баланы кичи автобуска салбай койгон окуя коомчулукта аялдарга жана балдарга карата дискриминация бар экенин, аларга шарт түзүлбөгөнүн ачык көрсөткөн көрүнүш катары бааланып жатат.

Кичи автобуска түшө албаган балалуу келин

Борбор калаада коляскасы менен 203-маршруттук таксиге отурууга аракет кылган эне-баланы айдоочу жулкулдатып түртүп, салбай койгон окуяны коомчулук талкуулап жатат.

1-октябрда ошол маршрутканын айдоочусуна "Бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык 11,5 миң, ал эми каттамды тейлеген фирмага 13 миң сом айып салынды. 30-октябрда бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап, коомчулуктун сынынан кийин айдоочу иштен айдалган.

Мэриянын эскертүүсү

Бишкек мэриясы коомдук транспорттун айдоочуларына кайрылып, жүргүнчүлөргө сый мамиле кылууга, жол эрежесин сактап, машиненин ичин таза кармоого чакырды. Талап аткарылбаса чара көрүлөрүн эскертти. Учурда шаардык бийлик айдоочунун орой мамилесине дуушар болгон келинди издеп жатат.

1-октябрда Бишкек мэриясында жыйын өтүп, жүргүнчү ташыган бардык транспорт түрлөрүнө көзөмөл күчөтүлөрү айтылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева кабарлады.

"Тек гана кичи автобустар эмес, бардык коомдук транспорттун айдоочуларына жыйындар өткөрүлдү. Жүргүнчүлөрдү ташуу маданияты боюнча түшүндүрүү иштери, тиешелүү органдарга көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды", - деди Жамгырчиева.


30-октябрда Бишкек милициясы эне-баланы салбай кеткен 37 жаштагы айдоочуну аныктап, териштирүү иштери уланып жатат. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эне-балага коомдук транспорттогу шарт

Шаар тургуну Айгүл баласын жетелеген келинди маршруткага салбай кеткен окуяга таң калган деле жок. Бир баласын бала бакча, кийинкисин мектепке жеткирген эне коомдук транспортту айдагандардын орой мамилесине көп эле туш болот. Айгүл мындай учурда ошол жердегилердин кайдыгер мамилесин белгилеп, коомдо эне-баланы басмырлоо кадимки көрүнүш болуп калганына нааразы.

"Кээде алыстан эле токтотосуң. Анан балдарыңды, баштыгыңды алгычакты эле өтүп кетет. Айдоочулар жол эрежесин бузуп катуу айдашат. Колуңда кичинекей, жаныңда дагы башка балаң болсо жүргөнгө ыңгайсыз. Анда өтө эле кыйын болот. Башка жерлерде деле балаң ыйлап калса аябай жаман көрүшөт. Көчөдө балаң менен жүргөндө дайыма өзүңдү ыңгайсыз сезе бересиң", - деди шаар тургуну.

Чынында Бишкекте балалуу энени маршруттук такси салбай кеткен сыяктуу чыр алгачкы жолу болуп жаткан жок. Буга чейин эне-бала эмес окуучуларды, карыларды дагы коомдук транспортко салбай койгон окуялардын видеосу социалдык тармактарда тараган.

Айдоочунун актануусу

Акыркы окуядагы айдоочу милиция тарабынан кармалгандан кийин коомчулуктан кечирим сурап, өзүнүн кадамын түшүндүргөнгө аракет кылды. Айдоочунун милицияга айтып бергенине караганда, анын тажрыйбасында коляска менен түшкөн келин башка жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан.


Жарандык активист Перизат Сайтбуркан шаар бийлигинин айдоочу менен фирманы жазалап, көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес экенин белгилейт. Активисттин пикиринде, калаада коомдук транспорт маселеси жолго коюлмайынча мындай көрүнүш азайбайт.

"Ушундай мода болуп калды. Видеого тартып алса, ал окуяга көңүл бурулуп, чара көрүлөт. Бирок, маселе ал келинди салбай койгондо эмес. Маселе, коомдук транспорт аялдарга, балдарда, майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү болбой жатканында. Макул, эми азыр эне-баланы салып баштайт. Бирок, майыптыгы бар адамдар такыр эле бул маршруткага түшө албайт. Коомдук транспорт көйгөйүн толук чечмейинче бул көрүнүш кала берет”, - деди активист.

Социолог Самар Сыргабаев коомдук жайда адамдардын чырдашкан учурларынын көбөйүшүн эл арасында агрессиянын күчөгөнү менен байланыштырат. Социолог коомдогу агрессияны мындай түшүндүрдү.

Самар Сыргабаев.
Самар Сыргабаев.

"Жакшы коомдо эки тарап маселени бири-бирине жай түшүндүрө алат. Транспортто эле эмес бардык кызмат көрсөтүүдө, адамдар байланышкан жерде конфликт көп. Азыр агрессиянын деңгээли жогору. Муну пандемия, экономикалык кризис менен байланыштырсак болот. Каатчылык, кымбаттоо элде агрессияны пайда кылат”, - деди Сыргабаев.

Айрыкча акыркы беш жылда Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч бойдон кала берүүдө. Шаар бийлиги бардык шарты менен автобус, троллейбус көбөйтүлөрүн убада кылып келет. 1-ноябрдан тарта коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттайт. Маршруткалар 15 сом болсо, троллейбус менен автобустун жол киреси 11 сом болуп бекиди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG