Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Коронавирус АКШда 700 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды


COVID-19 вирусун жуктурган адам ооруканада. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусун жуктурган адам ооруканада. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус АКШда 700 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

1-октябрдагы маалыматка караганда коронавируска чалдыккандардын жаңы саны азайып жатканына карабай, күн сайын 1900гө чамалуу адам коронавирустан көз жумууда.

Акыркы күндөрү АКШда күн сайын орто эсеп менен 112 миң адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул сентябрдын башындагы 160 миң адамга караганда кыйла аз. Вирус жуктуруп ооруканага жаткандардын саны күнүнө 79 миңге чамалуу, бул өткөн айдын башындагы көрсөткүчтөн 20 миңге аз.

330 млн. калкы бар АКШда коронавирустан көз жумгандар саны жагынан азырынча алдыда. Вирустун "дельта" штаммы Америкада тездик менен жайылып жатканы, бул өзгөчө эмдөө көрсөткүчү төмөн аймактарда көп катталганы кабарланууда. Эмдөө өнөктүгү башталгандан бери өлкөдө 12 жаштан жогору адамдардын 65% вакцинанын эки дозасын тең алган. 76% адам кеминде бир дозасын алган. Жалпы америкалыктардын 70 миллионго чамалуусу коронавируска каршы эмделген эмес.

Сентябрда президент Жо Байдендин администрациясы федералдык жумушчулардын баары милдеттүү түрдө эмделсин деген буйрук чыгарган. Ага ылайык, 100дөн ашуун адам иштеген ишканалардагы жумушчулар эмдөөдөн өтүүгө же апта сайын вируска текшерилип, тест тапшырууга тийиш.

Калифорния окуучулардын жана студенттердин эмделүүсүн талап кылган алгачкы штат болду. Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөөчү башкармалык уруксат берсе, кенже мектептердеги балдар да эмделери күтүлүүдө.

2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус дүйнө жүзүндө 5 миллионго чукул адамдын өмүрүн алды. Окумуштуулар COVID-19 вирусунан көз жумгандардын чыныгы саны алда канча көп экенин айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG