Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

COVID-19: Жаңы 72 учур катталды, каза болгондор жок


Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 2-октябрда COVID-19 вирусун жугузуп алган 72 адам катталганы лабораториялык жактан тастыкталды.

  • Бишкек - 34
  • Чүй облусу – 18
  • Ош облусу – 2
  • Талас облусу - 3
  • Нарын облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 2
  • Баткен облусунда жана Ош шаарында илдетке чалдыккандар катталган эмес.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 178 680 адамга жетти. Анын ичинен 173 385 киши сакайып кетти. Ооруканада 441 адам, үйүндө 764 бейтап дарыланып жатат.

Акыркы суткада оорудан көз жумгандар катталган жок. Жалпысынан илдеттен 2607 адам каза болду.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус кыска аралыкта дүйнөнү каптап, илдетке 235 млн. 63 766 адам чалдыккан. 211 млн. 814 миң 324 адам сакайып кеткен. 4 млн. 805 миң 700 киши жарык дүйнө менен кош айтышты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG