Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Мурдагы депутат киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды


Максат Касенов
Максат Касенов

Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды. Ички иштер министрлиги ал 1-октябрда кечке жуук Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

Министрлик тараткан маалыматта Касеновдун Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, Сайга үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганы жазылган.

Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси иликтенип жатат.

Бүгүн, 1-октябрда саат 10:00 чамасында Касеновду беткапчан белгисиз адамдар кармап кетишкенин жакындары соцтармактарга жазышкан.

Максат Касенов "Улуу Кыргызстан" кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2017-жылы ал "жапырт мушташка катышканы" үчүн кармалып, милиция иш козгогону маалымдалган.

Маалымат сайттары мушташ Каракол шаарындагы таасир талашкан топтордун ортосунда чыкканын жазышкан.

Максат Касенов соңку кезде учурдагы бийликтин ишин сынга алып жүргөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG