Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Кыргызстанга октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келет


Оштогу эмдөө борбору.
Оштогу эмдөө борбору.

Кыргызстанга октябрь айында Pfizer (259 000 доза,) Sinopharm (110 000 доза) жана AstraZeneca (50 000 доза) вакциналары келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 4-октябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-октябрда ЮНИСЕФтин колдоосу менен вакциналарды сактоого төрт атайын муздаткыч келди. Башкы иммунолог бүгүнкү күндө өлкөдө вакцина жетиштүү экенин билдирүүдө. Кыргызстан боюнча миңден ашуун эмдөө пунктары ачылып, иштеп жатат.

4-октябрга карата Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген адамдардын жалпы саны 1 млн. 471 миң 696 адамды түздү. Анын ичинен 836 435 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 629 миң 42 киши эки дозасын тең алды.

Акыркы суткада өлкөдөгү эмдөө түйүндөрүндө, медициналык мекемелерде 1017 адам эмделди.

COVID-19га каршы вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Толук эмдөөдөн өткөндөргө сертификат берилет.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 178 783ге жетсе, 173 538 бейтап сакайды. 2608 адам каза болду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG