Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Гүлнара-Клара Самат Орусия менен бирге Арменияга дагы элчи болот


Гүлнара-Клара Самат.
Гүлнара-Клара Самат.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Расмий маалыматка ылайык, Орусиядагы элчи Армениядагы кызматын Москвада туруп айкалыштырып иштейт.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп быйыл февралда дайындалган. Ал 2018-жылы май айында "Ата Мекен" партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген. Ошол учурда анын орус жарандыгы болушу мүмкүн экенин айткан "Карек" коомдук бирикмеси бул маселени тактоону Борбордук шайлоо комиссиясынан өтүнгөн. БШК "кош жарандык тууралуу маалымат кылдат текшерилгенден кийин гана мандат берилгенин" билдирген болчу.

Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим кысым кылганын жарыялап, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон. 2021-жылы январь айынын башында депутат Клара Самат "Ата Мекен" фракциясынан чыгарылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG