Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Депутаттык мандат алган Гүлнара-Клара Самат ант берди


Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгүн алган учур. 15-май, 2018-жыл.
Гүлнара-Клара Самат Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгүн алган учур. 15-май, 2018-жыл.

Депутаттык мандат алган Гүлнара-Клара Самат бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Гүлнара-Клара Саматка мандатты 15-майда тапшырган.

Атын Гүлнара-Клара Самат деп өзгөрткөн БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова "Ата Мекен" партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна депутат болуп келди.

БШК анын кош жарандыгы тууралуу маалымат кылдат текшерилгенден кийин мандат берилгенин билдирди.

Буга чейин Гүлнара-Клара Саматтын орус жарандыгы болушу мүмкүн экени айтылып, "Карек" коомдук бирикмеси аны тактоону БШКдан өтүнгөн.

Клара Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп иштеген, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимден ыдык көргөнүн жарыялап, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп, Гүлнара-Клара Самат болгон. Ал эми Аида Салянованын мандаты быйыл марттын башында алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG