Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Журналисттик иликтөөдөн кийин "Сомо" компаниясына жабуу боюнча буйрук берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн жабуу тууралуу буйрук берди.

Мунун алдында, 1-октябрда финкөзөмөл кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен "Сомонун" ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйын өткөргөн.

Финкөзөмөл кызматы тараткан маалыматка караганда, күрөөкана иштетүү үчүн берилген лицензиялардын реестринде "Сомонун" каттоодон өткөн филиалы жок болуп чыккан. Аталган мекеменин банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнө компаниянын ишмердүүлүгүн пландан тышкары текшерүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Финкөзөмөл кызматы "Сомо" күрөөканасынын өзүнө 2019-жылы 22-апрелде лицензия берген. Маалыматка караганда, "Сомо" буга чейин дагы текшерилген. Биринчиси Улуттук банктын кайрылуусунан кийин аталган уюмдун ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Анда мыйзам тлааптарына жооп бербеген жагдайларды жоюу буйругу берилген. Ушул эле банктан жарандардын арызы тиркелген экинчи кайрылуу ушул жылдын 24-сентябрында келип түшкөн. Керектүү документтерди Финкөзөмөл кызматына 30-сентябрга чейин алып келүү талабы аткарылган эмес.

Буга чейин 15 мүнөттө насыя алууга азгырган, өзүн ломбард атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн журналист Али Токтакуновдун “МедиаХабы” иликтеп чыккан.

Анда аталган компаниянын ээси латвиялык бизнесмен экени, Латвиянын өзүндө ишмердүүлүгү чектелгени тууралуу айтылган.

Иликтөөдө сурамжылоого катышкан жүздөн ашуун кишинин басымдуусу “Сомодон” 10 миң сомдун тегерегинде насыя алып, кайтара албай калганын айтышкан. Компания карызды убагында төлөй албагандарга жиберген коркутуп-үркүтүүлөрү сүрөтү менен жарыяланды.

"МедиаХаб" иликтөөнүн жүрүшүндө “Сомонун” негиздөөчүлөрү Латвияда катталган Sun Finance Central Asia жана SIA P3 Capital (жаңы аты Capital KG) аттуу компаниялар экенин аныктаган. Бул эки компания тең латвиялык Айгарс Кесенфелдс аттуу адамга таандык болуп чыккан.

Быйыл февралда RE:Baltica иликтөө борбору Кесендфелдс тууралуу кенен материал жарыялаган. Анда дүйнөнүн 20га чукул өлкөсүндө Кесенфелдс жалгыз же өнөктөштөрү менен 150 компанияга ээлик кылары жазылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG