Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Семетей Султанов Кыргыз футболдук союзунун президенттигине ат салышат


Семетей Султанов
Семетей Султанов

Семетей Султанов Кыргыз футболдук союзунун президенттигине ат салышат. Ал бул тууралуу 4-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Маалыматты анын жакындары "Азаттыкка" тастыкташты.

Семетей Султанов Кыргызстандын футбол федерациясын 2012-жылдан 2019-жылга чейин жетектеп, Азия кубогу кызыган учурда кызматтан кеткен. Футбол адистери анын тушунда кыргыз футболунда кыйла өсүш болгонун белгилеп жүрүшөт.

Кыргызстандын футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 2019-жылы Кыргыз футболдук союзу деп өзгөртүлгөн.

Уюмдун буга чейинки президенти Канатбек Маматов парламенттик шайлоого катышуу максатында кызматын тапшырганы кабарланган.

Кыргыз футболдук союзунун президенттигине талапкер болом дегендердин документтери шайлоо күнүнө чейин кабыл алынарын уюмдун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Талапкерлердин арасында уюмдун мурдагы башкы катчысы Медербек Сыдыков да бар. Шайлоо 11-октябрда болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG