Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт


Архивдик сүрөт. Эрназар Акматалиев Азиялык квалификациялык мелдеште. Апрель, 2021-ж. Казакстан.
Архивдик сүрөт. Эрназар Акматалиев Азиялык квалификациялык мелдеште. Апрель, 2021-ж. Казакстан.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 4-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта килемге чыккан Акматалиев жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалдык беттешке чейин Акматалиев үч беттеш өткөргөн. Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.

Эртең, 5-октябрда финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен алтын байге үчүн таймашат чыгат. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.). Ал эркин күрөш боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык спортчу. Буга чейин эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кенжебек Өмүралиев (68 кг. Стамбул, 1994-ж.), Базар Базаргуруев (60 кг. Стамбул, 2007-ж.), Алексей Крупняков ( Эки коло байге. 96 кг. Будапешт, 2005-ж. жана Москва, 2010-ж.) дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болушкан.

Күрөштүн ушул түрүнөн 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов бүгүн, 4-октябрда дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн польшалык Кристов Биенковски менен күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Бир нече мүнөттөрдөн кийин кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет. Жарым финалга чейин Тыныбекова жапониялык жана белорусиялык атаандаштарын жеңген. 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин Дүйнө чемпионатынын алтын (2019-ж.) жана коло байгелерин (2017-ж.) алган.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG