Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Кой-Таш окуясы боюнча сот 25-октябрга жылдырылды


Кой-Таш. 08.08.2019.
Кой-Таш. 08.08.2019.

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо уланды.

Сотко айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген жок. Ал сотту анын катышуусу жок өткөрө берүү тууралуу арыз жазган. Андан тышкары ага байланыштуу ишти өзүнчө бөлүүнү суранган.

Судья Азирет Медетов соттук отурумду 25-октябрга жылдырды.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы депутат Равшан Жээнбеков дагы абакта отурат. 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган Жээнбеков ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага да айып коюлган.

Алмазбек Атамбаевге "Батукаев иши", Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча кылмыш иштер козголгон. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузду.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG