Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Ташкент менен Ашхабад ишкерлерге виза берүүнү жеңилдетүүгө жетишти


Ташкент. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев документтерге кол коюп жаткан учур. 5-октябрь, 2021-жыл.
Ташкент. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев документтерге кол коюп жаткан учур. 5-октябрь, 2021-жыл.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 4-5-октябрь күндөрү Өзбекстанда расмий сапар менен болду. Анын алкагында 2004-жылдагы жарандардын өз ара карым-катышы боюнча макулдашууга оңдоолор киргизилип, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө визалык тартипти жеңилдетүү боюнча протоколго кол коюлду.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө бул документ сөзсүз түрдө ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп, улут аралык ынтымакты чыңдоого кызмат кылары айтылган.

Эки мамлекеттин ортосунда транспорт, транзиттик жүк ташуу, сууну үнөмдөөчү технологияларды алмашуу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндик кызмат сыяктуу 23 документке кол коюлду.

Өзбек-түркмөн чек арасында соода тилкесин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG