Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

"Азаттыктын" фото кабарчысы сынакта жеңүүчү аталды


Гүлжан Турдубаева
Гүлжан Турдубаева

"Азаттык" радиосунун фото кабарчысы Гүлжан Турдубаева майыптыгы барларга карата терс стереотиптерди жоюу боюнча өткөн сынактын жеңүүчүсү болду.

Сынакты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги биргеликте өткөргөн.

Турдубаеванын "Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан Арстанбек" аттуу эмгеги конкурста жеңүүчү аталып, ноутбук утуп алды.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майып адам жашайт. Алардын отуз миңден ашуунун балдар түзөт.

Тубаса жана кийин майып болгондордун айрымдары жылына, кээ бири 2-5 жылда майыптыгын далилдеп, медициналык-социалдык экспертизадан тастыктама алмайын мамлекеттен жөлөк пулду алалышпайт.

Жөлөк пулдун суммасы 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин болот. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG