Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Түркмөнстандын калкы президенттин жаңы китебин сатып алууга милдеттендирилди


Президент Гурбангулы Бердымухамедов кезектеги жаңы китебинин бет ачаарында.
Президент Гурбангулы Бердымухамедов кезектеги жаңы китебинин бет ачаарында.

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин калк арасында кеңири жайылтуу боюнча кезектеги өнөктүк башталды.

Бийлик мамлекеттин эгемендигинин 30 жылдыгына карата жакында жарык көргөн президенттин китебин студенттер жана бюджеттик кызматкерлерге сатып таратууда.

Ага ылайык, “Эгемендик – биздин бактыбыз” деген президенттин китебин сатып алууга Түркмөнстандагы ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери жана студенттер милдеттендирилди.

Мындан башка бийлик президенттин чыгармачылыгын даңазалоо үчүн калк арасында аны жайылтуу чараларын ишке ашыра баштады. Маданият кызматкерлерине мамлекет башчысынын "жаратмандыгын" даңазалаган музыкалык чыгармаларды жазууга тапшырма берилгенин “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык убада кылынып, ал мамлекеттин эгемендигинин кийинки жылдыгында тапшырыла турганы жарыяланды.

Бул арада студенттер арасында президенттин жаңы китебин жатка окуу боюнча сынак жарыяланып, жеңүүчүлөргө 100 манат же болбосо 28,5 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык убада кылынды.

Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби түркмөнчө, англисче жана орусча басылып чыкты.

Бул китепте өлкөнүн эгемендик жылдарындагы жетишкендиктери баяндалган.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн 15 жылдык башкаруусу маалында алтымыштан ашуун китеп жазды. Анын жазган китептеринин тематикасы дагы ар түрдүү. Китептеринде жылкы асыроо, ит багуу, түркмөн салты, килемдери, чай өстүрүү жана дары чөптөргө байланыштуу темалар камтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG