Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Орусиянын абактарындагы зомбулук боюнча кылмыш иши козголду


Саратовдогу Жаза аткаруу мекемесинин имараты.
Саратовдогу Жаза аткаруу мекемесинин имараты.

Орусиянын тергөө комитети Саратовдогу түрмөдө отургандарга жасалган зордук-зомбулук боюнча кылмыш ишин козгоду. Видео тасмадага түшүп калган түрмө кызматкерлеринин кылмышка катыштыгы аныкталса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Шейшемби күнү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары түрмөлөрдөгү сексуалдык мүнөздөгү зомбулук тартылган видео архивдин айрым бөлүктөрүн жарыялаган. Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын Саратов облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги Алексей Федотов кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду.

Gulagu.net укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин Орусиянын түрмөлөрүндө кордолгондор тартылган атайын кызматтын көлөмү 40 Гб болгон "жашыруун" видео архиви анын колуна тийгенин билдирген болчу.

Осечкиндин айтымында, видеодо абакта отургандарды кыйнаган жана сексуалдык кордук көрсөткөн учурлар бар.

Ал ошондой эле, Орусиянын түрмөлөрүндө атайын кызматтардын тыңчылары иштеп, кураторлордун буйругу менен камактагыларды кыйнап, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алууга ыңгайлашканын кошумчалаган.

Видео компроматтардын жардамы менен камактагылар тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, тергөөчүлөр даярдаган кагаздарга кол койгон учурлары боюнча далилдер чыккан.

Биринчи видео архивде түрмөнүн ичине окшогон жайда бир нече киши керебетке байланган бир кишини уруп-согуп, сексуалдык кордук көрсөтүп жатканы тартылган. Анда бул окуя былтыр февраль айында болгону белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG