Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:01

Молдованын башкы прокурору камалды


Молдованын башкы прокурору Александр Стояногло
Молдованын башкы прокурору Александр Стояногло

Парламенттик оппозиция тарабынан дайындалган башкы прокурор Александр Стояногло кызматынан алынып, коррупцияга шектүү катары камакка алынды.

Молдованын чалгын жана коопсуздук кызматы башкы прокурордун кеңсеси менен үйүн тинтип, андан соң аны Кишиневдогу тергөө абагына жеткирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча прокурор Виктор Фуртуна Александр Стояногло кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, кызматтык милдеттеринен аша чабууга жана коррупцияга айыпталып жатканын билдирди.

Президент Майя Санду Москва колдогон мурдагы мамлекет башчысы Игор Додонду былтыркы шайлоодо утуп чыккан.

Игор Додон президент болуп турганда 2019-жылы Александр Стояноглону башкы прокурорлукка дайындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG