Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:41

Баткенде коңшу өлкөгө мыйзамсыз товар ташыган унаалар кармалды


Архив.
Архив.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткен облусунда аткезчилик фактыларын аныктаганын билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 5-октябрда Лейлек районунун Жаштык айылында кийим-кечек, азык-түлүк ташып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармалган.

6-октябрда Лейлек районунун Достук жана Арка айылдарынын ортосунда 25 куб жыгач ташып бараткан DAF үлгүсүндөгү унаа колго түшкөн.

Ушул эле күнү Баткен районунун Жаңы-Бак аймагында Тажикстандан 22 тонна жүзүм ташып келаткан жети унаа кармалган. Алдын-ала божомол боюнча жүзүмдүн баасы 3 млн. 650 миң сом болушу мүмкүн.

Тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин кармалган унаалар жана айдоочулар компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Апрель айынын соңунда чек арадагы жаңжалдан кийин жергиликтүү эл арасында коңшу өлкөгө аткезчиликти токтотуу талабы күчөгөн. Мыйзамсыз аракетти көзөмөлдөө үчүн атайын элдик кошуун түзүлгөн.

23-сентябрда белгисиз кишилер кыргызстандык эки окуучуну Тажикстанга алып кирип кетип, алар бир күндөн кийин мекенине кайтарылган. УКМК баштапкы маалыматында өспүрүмдөр шарттуу чек ара тилкесинде аткезчилердин жүгүн автоунаага жүктөөгө жардам берип жатышканын кабарлаган.

  • 28-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. Кыргызстан коңшу өлкө менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат. Талаштуу тилкелердин дээрлик бардыгы калк жыш жайгашкан аймактар. Анда жашаган эки эл өз ара соода алакасын жүргүзүп келген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG