Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Шаардагы мектептерде бир мугалимге 20 окуучу туура келет


Пандемия шартында айрым класстарга 2020-жылдагы окуу жылы башталган учур. 2020-жыл, сентябрь. Бишкек.
Пандемия шартында айрым класстарга 2020-жылдагы окуу жылы башталган учур. 2020-жыл, сентябрь. Бишкек.

Өлкөдөгү мектептерде мугалимдердин жүгү оор бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Мекеменин эсебинде, шаардагы мектептерде бир мугалимге орточо жыйырма, айылдарда он беш окуучу туура келет.

Учурда мектептерде 82 миңден ашык мугалим иштейт. Өлкө боюнча 2296 жалпы билим берүү мекемелери бар. Мугалимдердин 85% ашыгын аялдар түзөт.

Кыргызстанда бир класста 30дан ашык окуучу окуган учурлар көп кездешет. Мындай көрүнүш ири шаарларда, жаңы конуштарда байкалары айтылып келет.

Кыргызстанда мугалимдер жана кесипкөй билим берүүчүлөрдүн күнү мурда октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кандай даталарга туш келген.

ЮНЕСКО 5-октябрды - Мугалимдер күнү деп бекитип, 1994-жылдан бери бул дата Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары 100дөн ашык өлкөдө майрамдалат. Кыргызстанда бул күн 2014-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG