Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Рахмон менен Путин Ооганстандагы кырдаалды талкуулады


Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу. 9-май, 2021-жыл.
Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу. 9-май, 2021-жыл.

5-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганын Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул эки лидердин телефондук сүйлөшүүсү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын соңунда Дүйшөмбү менен “Талибандын” өкмөтүн жарашууга чакыргандан кийинки биринчи түз баарлашуусу.

Талибдер менен диалогду колдогон Орусиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду Кабулдагы “Талибандын” бийлигине карата мамилесин өзгөртүүгө үндөбөгөнү такталган эмес.

Кремлдин тараткан расмий билдирүүсүндө эки лидер Ооганстандагы соңку кырдаалды талкуулап, дайыма байланышта болуп турууну макулдашканы гана жазылган.

Ал эми Тажикстандын президентинин расмий сайтындагы маалыматта тараптар коопсуздукту чыңдоого байланыштуу маселелерди талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасаганы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG