Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

"Центерра Голд" кыргыз бийлигин сындаган билдирүү таратты


Кумтөр кениндеги жумушчулар шаарчасы.
Кумтөр кениндеги жумушчулар шаарчасы.

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы "Кумтөр кенин биз иштетип жаткан учурда экологиялык, иштөө тартиби жана экономикалык эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, учурда кыргыз бийлиги негизсиз маалымат берүүдө" деген билдирүү таратты.

Беш барактан турган кенен билдирүүдө "Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда, ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо жаатындагы эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4,48 миллиард доллардан ашуун каражат кошкон", - деп айтылат.

Канадалык ишкана кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузуу менен жетектеген”, “Центерра Голд” кенди пайдаланууда коопсуздук стандарттарын сактачу эмес”, “Мурда кыргыз өкмөтү менен келишим түзүүдө Centerra коррупциялык схемаларды пайдаланган” деген аңыздарды таратып жатканын билдирип, бул дооматтарды четке кагат.

Компаниянын толук билдирүүн бул жактан окуңуз.

"Центерранын" бул билдирүүсү боюнча кыргыз өкмөтү маалымат бере элек.

Буга чейин расмий Бишкек Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанды деген билдирүү тараткан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени 27-сентябрда белгилүү болгон. Анда “бул тагдыр чечүүчү сүйлөшүү болору” кабарланган.

"Азаттык" "Центерра Голд" компаниясынын маалымат кызматы менен байланышкан учурда мекеме азырынча сүйлөшүү боюнча комментарий бере албай турганын билдирген.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG