Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Кара-Кече кенин "альфачылар" кайтарууда


Кара-Кече (Архивдик сүрөт).
Кара-Кече (Архивдик сүрөт).

"Кыргыз көмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфа" атайын бөлүмдүн 12 аскери кайтарууда.

Алар күзгү-кышкы мезгилде көмүр кендеги коопсуздукту камсыз кылып турушат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов "Биринчи радиодогу" маеги учурунда билдирди.

"Бүгүнкү күндө өлкө башчыбыз менен Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы - ред.) өзү 12 кишиден турган "Альфа" командасын берди. Алар курал-жаракчан, биздин филалдагы 20 кишиден турган коопсуздук кызматкерлери менен чогуу кызмат өтөп жатат. Беш күн болду. Күз-кыш мезгилинде коопсуздукту сакташат. Калган ишканаларда, "Шарбон" жабык акционердик коому бар, ага Ички иштер министрлиги менен сүйлөшүп берип жатабыз", - деди Жакыпов.

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып келет. Көмүр кенинде 2020-жылдын 28-августунда ок атылып, андан "Хово" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу жабыркаган.

2019-жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору да белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Буга чейин көмүр ташыган машиналарды кезексиз өткөргөндөр боюнча териштирүү жүргөн.

Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган.

Кыргызстанда 8 айда 1 млн. 337 миң тоннадан ашуун көмүр казылды. Анын 9 миң тоннага жакыны өлкөнүн түштүк аймагында казылган. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдаган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашуун компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул. (КЕ)

XS
SM
MD
LG