Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Орусияда космостон кино тартыла турган болду


Юлия Пересильд космонавт Антон Шкаплеров менен бирге.
Юлия Пересильд космонавт Антон Шкаплеров менен бирге.

"Союз МС-19" космостук кемеси актриса Юлия Пересильд, кинорежиссер Клим Шипенко жана космонавт Антон Шкаплеров менен бирге 5-октябрда Эл аралык космостук станцияга учту.

Бир нече мүнөттөн кийин космостук кемени асманга алып учкан ракета андан ажырап, кеме орбитага көтөрүлдү.

"Союз МС-19" космостук кемеси эң кыска чийим менен учуп өтүп, жалпысынан 3 саат 17 мүнөттү түзөт.

Учууга даярдыктан өткөн Шипенко менен Пересильд Эл аралык космостук станцияда «Чакырык» деген аталыштагы кино тасманы тартышат.

Бул кино тасма дүйнө жүзүндө космосто тартылган алгачкы көркөм фильм болуп калмакчы. Анда жүрөгү ооруган экипаждын мүчөсүн сактап калуу үчүн космостук станцияга учкан дарыгердин иш-аракети тууралуу баяндалат.

Пересильд менен Шипенко жалпысынан он эки күн бою кино тартып, анан Эл аралык космостук станциядан жерге кайтып келери пландалган.

XS
SM
MD
LG