Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Парламент комитетинде Финтех боюнча мыйзам четке кагылды


Жогорку Кеңеште Финансылык технологиялар же кыскартып айтканда Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоор четке кагылды.

Мындай чечим 5-октябрда парламенттин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынганын "Азаттыкка" депутат Дастан Бекешев ырастады.

Комитеттин жыйынына мыйзам долбоордун автору Самат Ибраев катышкан эмес, бирок депутаттар маселени кароону уланткан. Улуттук банк менен Экономика жана финансы министрлиги каршы пикирин билдирген.

Добуш берүүдө жыйынга катышкан депутаттардын дээрлик баары "каршы" добуш беришти.

Мындан соң ЖК депутаты Чынгыз Макешов дүйнөдө блокчейн-технологиялар, анын негизинде финтех долбоору өнүгүп жатканын белгилеп, ушул багытта мыйзам долбоорун иштеп чыгууну Улуттук банкка сунуштады.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жана "Банкттар жөнүндө" мыйзам долбоору Кыргызстанда Финансылык технологиялар же кыскартып айтканда Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү карайт.

Бул системалар мыйзамдаштырылса, фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алмак. Жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот. Мыйзамдын негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, коммерциялык банктарга ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн 600 млн. сом уставдык капитал талап кылынса, Финтехтер 100 миң сомдой каражат менен деле иш алып бара алат.

Бул мыйзамды коргоо боюнча жыйындарга орусиялык Владимир Фролов аттуу жаран да катышып жаткан. Акыркы жолу, 24-сентябрда парламенттин имаратында өткөн коомдук угууга ал видео аркылуу онлайн катышып, оюн айткан. Кийин Фроловдун тегерегинде ар түрдүү пикирлер айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG