Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Акыйкаттык издегендер Оштон Бишкекке жөө жөнөдү


Оштон Бишкекке жөө бара жаткандар. Жалал-Абад облусу, 4-октябрь, 2021-жыл.

Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын беш тургуну президентке, УКМК төрагасына даттануу үчүн Оштон Бишкекке жөө жөнөдү. Алар мамлекеттик органдар турак жайын буздуруу чечимин чыгарганын айтууда.

Жергиликтүү бийлик тургундардын үйүн буздуруу боюнча чыгарган чечими "мыйзамдуу болгон" дейт. Оштон 1-октябрда борбор калааны көздөй жөө чыккан Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары 4-октябрда Жалал-Абадга жеткенин билдирди. Алар сотторго, жергиликтүү бийликке нааразылыгын жазып алышкан.

Жүрүшкө чыккандардын бири Кыял Арстанов бир жыл мурун сатып алган жерине үй тургузганын айтып берди. Салган тамын бузуу чечими колуна тийгенден кийин 10 күнгө уруксат сурап, Бишкектен акыйкат издеп жолго чыккан. Арстанов менен чогуу үйүн буздурбоону суранып 12 үй-бүлөнүн мүчөлөрү да жөнөгөн. Алардын кээ бири жолдон кайтып, учурда беш киши Бишкекке келе жатат.

"Бийлик өкүлдөрү келип кабар албаса, аягына чейин барабыз. Эки-үч аялдын кан басымы көтөрүлүп, "ооруканага барып дарыланалы" деп кайтышты. Буттары кубарып, шишип кеткендери да болду. Менин беш балам бар, 33 жаштамын. Мамлекет тарабынан жер тилкесин алган эмесмин. Бешене терим менен ошол үйдү салдым. Башка үй салганга каражатым деле жок. Бала-чакамды эптеп багып жатам. "10 күндүн ичинде үйдү бузуп чыгып кетебиз. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге жолугуп келебиз. Эгер ошол жактан дагы "мыйзамсыз" деп табылса, өз ыктыярыбыз менен бузабыз" деп сот аткаруучуларга кагаз жазып бердик".

Бишкекке жөө келе жаткандар Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов баштаган бир катар аткаминерлерди жазага тартуу талабын коюшууда. Алар жер талашка мурдагы аким жана айыл өкмөттөр күнөөлүү деген пикирде. Жергиликтүү бийлик болсо тургундардын үйүн буздуруу боюнча соттун чечими мыйзамдуу болгонун айтууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган.
2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин кызматтан бошотулуп, камакка алынган. Ош шаардык сотунун чечими менен бир айдан кийин үй камагына чыгарылып, айыпка жыгылганы маалымдалган.

Дыйкан-Кыштак айылы документ боюнча Кара-Суу районуна караганы менен Ош шаарынын батыш тарабы менен чектешип, дээрлик шаардын ичинде жайгашкан.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбеков жерге байланыштуу талаштар 10 жылдан бери уланып келе жатканын билдирди.

"Бизге чейинки айыл өкмөттөрдүн иши болгон. Менин иштегениме эки-үч ай гана болду. "Папан айыл өкмөтүнүн жарандары Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн үлүш жерине үй салып алган" деп Жогорку сот чечим чыгарды. Биздеги жер талаштар 10 жылдан бери келе жатат. Буга чейин туура эмес берилип кеткен жерлер эми билинип, текшерилип жатат. Жер тилкеси мыйзамдуу берилгенде мындай маселе жаралмак эмес".

Алимбеков айткандай, папандыктардын жер талашы мурдагы айыл өкмөт башчы Эрматбек Исмаиловдун тушунда көп катталган. Папан айыл өкмөтүнүн тургундары бир нече жолу Исмаиловго жана акимге каршы митингге чыгышкан.

Жогорудагы талаштуу окуяларда жактоочу болуп келген Айсалкын Карабаева Исмаилов менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, "Бойка" деген каймана ат менен таанымал Алмаз Абдукаримов экөө суулуу жерлерди алмашып, трансформация кылып алганын айтат.

"Булар алмашкан киши болуп, "силерге Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган Коргон айылынан беребиз" дешкен. Бирок карапайым элге Коргондон да, Дыйкан-Кыштактан да жер берген эмес. Кээ бир тургундардын колдорунда токтомдору бар. Алар жерде калып жатышат. Элди уккан эч ким жок. Бүт чоңдордун "махинациясы" болуп атат. Азыр карасаңар Дыйкан-Кыштакка да, Коргон айылына да жалаң чоңдор үй салып алган".

Дыйкан-Кыштак менен Коргон айылдары документ боюнча Кара-Суу районуна караганы менен Ош шаарынын батыш тарабы менен чектешип, дээрлик шаардын ичинде жайгашкан.

"Курулуш курууга болбойт"

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жетекчиси Зулпукар Мазаевдин айтымында, талаштуу аймак айыл-чарба багытындагы сугат жер, ал жерге курулуш курууга мыйзам жол бербейт.

"Бир гана жол бар - айыл-чарба багытындагы жерди үлүш ээлерине бошотуп бериш керек. Суулуу жерге курулуш жүргүзүүгө мораторий бар. Бардык кызматтарда "айыл-чарба багытындагы суулуу жер" деп турат. Эч ким алып курулуш жүргүзө албайт. Анын үстүнө бул Кыргызстанга дүң болду. Муну трансформация кылган адам эки-үч баштуу болушу керек. Турак-жай салганга эч мүмкүн эмес".

Айыл өкмөт башчы мурун талаштуу жерге курулуш курууга уруксат берүү, башкача айтканда, трансформация кылуу аракети болгонун ырастады. Бирок үлүш ээлери кийин ага каршы болуп, чечимдерди кайра жокко чыгартып алган.

Жогоруда аты аталган Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси Эрматбек Исмаилов жерлерди мыйзамсыз сатууга байланыштуу айыпталып, 2018-жылы кылмыш иши козголгон. "Шалаакылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

Исмаилов жогорудагы талаштуу жерлерге тиешеси жок экенин буга чейин "Азаттыкка" билдирген. Ал төрт ирет айыл өкмөт башчылыкка шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG