Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Ош милициясы: Үйлөрдү бузууга буюртма берген киши изделүүдө


Жабырлануучу Сүйүмкан Абитова, 3-июль, 2020-жыл жана белгисиз адамдар турак үйлөрдүн бирин бузуу учуру, Кара-Суу району.
Жабырлануучу Сүйүмкан Абитова, 3-июль, 2020-жыл жана белгисиз адамдар турак үйлөрдүн бирин бузуу учуру, Кара-Суу району.

«Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында белгисиз жарандар бир нече үйдү бузуп жатат» деген видео тарады. Бул көрүнүштү жергиликтүү жабырлануучулардын арызынын негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) иликтеп жатат.

Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, окуя болгон жерге ыкчам топ барганда бузуп жаткан техника каражаттарынын ээлери качып кеткен. Аларга ким буюртма бергени териштирилүүдө.

«Азыр күбөлөрдү таап, жабырлануучу менен ички киштер бөлүмүндө иш тергелүүдө. Трактордун номери белгилүү болду. Бул жер талаш болгондуктан, буга чейин эле тергөө иши жүрүп жаткан. Жерди такташ керек болуп жатат. Жердин кимге тиешелүү экени толук тактала элек. Атайын жер адистери иштеп атат. Алар корутундуларын берсе, ошого карап чара көрүлөт», - деди Аширбаев.

Бул жердин айланасында буга чейин да чыр чыккан. 3-июлда жергиликтүү тургун Сүйүмкан Абитованы топ балдар келип, сабап кеткенин анын жактоочусу билдирген.

Жер талашта Папан айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эрматбек Исмаиловдун, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовдун да аты аталган. Эрмамат Исмаилов окуяга тиешеси жок экенин айткан. Азыркы айыл өкмөт башчысы менен байланышуу мүмкүн боло элек. (DU)

XS
SM
MD
LG