Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Карасуулук аялдын жактоочусу мурунку айыл өкмөттөр жер талашып кардарын сабап кеткенин билдирди


Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну Сүйүмкан Абитованы мурун өздөрү саткан жерди талашып, 3-июль күнү Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов топ балдар менен келип сабап кеткенин «Азаттык» радиосуна анын жактоочусу Айсалкын Карабаева билдирди.

Анын маалыматына караганда тараптар буга чейин да чырдашып келишкен. Жер талашка Папан айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эрматбек Исмаиловдун да катышы бар.

«Алмаз Абдукаримов бул аялга 20 миң доллардан сегиз жер тилкесин саткан. Анан ал жерлерге токтом жазып берген. Булар үй сала баштаса, «караларды» алып келип тынымсыз коркута беришкен. Кийин токтомун «кызыл китеп жасап беребиз» деп алып кетип, кайра «башка жер тилкесин беребиз, бул жерге биз көп кабаттуу үй салабыз» дешкен», - деди Карабаев.

Жактоочу Абитованын үй-бүлө мүчөлөрү да жабыр тартканын кошумчалады. Анын бөлүшкөн тасмасынан, ыйлап жерде жаткан аялды, үч кишинин курулуштун кышын көчүрүп жатканын көрүүгө болот.

Окуя болгон жерге милиция чакырылып, «Ээнбаштык» беренесинин негизинде териштирүү иштери башталган. Учурда ага тиешеси бар деген үч киши сурак берүүдө. Сүйүмкан Абитова денесинен жаракат алып шаардык ооруканага жаткырылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, бир күн мурун Сүйүмкан Абитованын үстүнөн да «жерди бир нече кишиге сатуу» боюнча арыз келип түшкөн.

«Бул боюнча «үч бала сабады» деп жабырлануучудан арыз келип түштү. Айыл өкмөт боюнча азырынча маалымат жок. Ошол эле учурда кечээ күнү урду деген жаран арыз менен кайрылган, мурун жер сатып, «экинчи адамга да сатып жиберген» деп. Жаңжал ошондон улам чыгып, эки тарап болуп урушкан. Эки тараптын тең арыздары бар. Азыр териштирүү жүрүп жатат», - деп айтты Аширбаев.

Алмаз Абдукаримов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Окуяда аты аталган Папан айыл өкмөтүнүн мурунку жетекчиси Эрматбек Исмаилов жерлерди мыйзамсыз сатууга байланыштуу айыпталып 2018-кылмыш иши козголгон. Бирок аткаминер ошо бойдон жазага тартылган эмес. «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

Эрматбек Исмаилов окуяга такыр тиешеси жок экенин билдирип, бирок Абдукаримов менен Абитованы жакшы тааный турганын айтты.

Исмаилов төрт ирет айыл өкмөт болуп шайланып, 2019-жылы өз арызы менен иштен кеткен. Ага чейин Папан айыл өкмөтүнүн тургундары бир нече жолу ага жана акимге каршы митингге чыгып келишкен. (DU)

XS
SM
MD
LG