Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган топ парламентке барды


Казакстан. Нур-Султанга Алматыдан келгендер парламенттин кабылдамасында кайрылуу катын тапшырып жаткан учуру. 6-октябрь, 2021-жыл.
Казакстан. Нур-Султанга Алматыдан келгендер парламенттин кабылдамасында кайрылуу катын тапшырып жаткан учуру. 6-октябрь, 2021-жыл.

Шинжаңда негизсиз жерден кармалып турган жакындарын бошотуп, Казакстанга кайтарууну талап кылгандардын тобу Нур-Султан шаарында жайгашкан парламентке келип, тиешелүү кайрылуу катын тапшырды.

Кат Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулинге жана бир катар депутаттарга жолдонгон. Кайрылуу катында алар жазыксыз жерден камалып, Шинжаңдагы түрмөлөрдө жана кайра тарбиялоо лагерлеринде кыйноого дуушар болгон туугандарын Кытайдан алып келүүгө жардам берүүнү суранышкан.

Буга чейин ушундай эле өтүнүч менен президенттик администрацияга, Тышкы иштер министрлигине, Акыйкатчыга жана эл аралык уюмдарга кайрылган жарандар жооп ала албай келгенин белгилешкен.

"Биз буга чейин бир жактуу жооп ала алган эмеспиз, эми дагы жооп күтөбүз. Бүгүн президенттик администрацияга дагы кайрылып, кат жөнөттүк. Кытайдын элчилиги майрамга байланыштуу жабык. Бул жакка апалар жеңил кийинип келген. Азыр Алматыга барып, бирок кайра эле жооп алганы борборго кайтып келишибиз зарыл", - деди кайрылгандардын бири Байболат Кунболат уулу.

Кытайдын Шинжаң аймагында кармалып турган жакындарынын боштондугун талап кылган жарандар жарым жылдан ашуун убакыттан бери Алматыдагы Кытай консулдугунун астына чогулуп, нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

Алар тынч жыйындарга чогулуу мыйзамын бузганы үчүн административдик тартип бузууларга айыпталып, акчалай доого жыгылган учурлар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG