Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Атырауда күйгөн чөптүн ордунан үч баланын жасаты табылды


Атырау облусунда жыйылып турган чөп өрттөнүп кеткен жерден үч жаш баланын сөөгү табылганын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

5-октябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында Атырау облусунун куткаруу бөлүмүнө Махамбет районунун Орточул айылындагы үйлөрдүн биринде чөп өрттөнүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону үч сааттын ичинде өчүрүшкөн.

6-октябрга караган түнү Махамбет райондук полиция бөлүмүнө Орточул айылынан үч бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Аларды издөөгө куткаруучулар, кинологдор жана полиция кызматкерлери тартылган.

Издөө иштери учурунда өрттөнүп кеткен чөптүн күлү калган жерден жети жаштагы эки баланын жана 9 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайларын полиция иликтөөгө киришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG