Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Тыныбекова: Өзүмдүн жана өлкөмдүн жаңы тарыхын жаздым


Айсулуу Тыныбекова. Норвегия. Осло.
Айсулуу Тыныбекова. Норвегия. Осло.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медал тагынган Айсулуу Тыныбекованын журналисттерге курган маеги Дүйнөлүк Күрөш уюмунун YouTube каналына жарыяланды.

Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен өзүнүн жана өлкөсүнүн жаңы тарыхын жазып жатканын белгилеген.

“Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен мен өзүмө-өзүм далилдедим. Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, (Кыргызстанда-ред.) ал мен элем. Бүгүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум, бул мени абдан кубандырат. Олимпиада оюндарынан кийин толук кандуу даярдана алган жокмун. Бирок ушундай даярдык менен жеңишти камсыздоо мен үчүн сыймык”, - деди Тыныбекова.

Балбан финалдык күрөш мурдагыларга салыштырмалуу жеңил өткөнүн, финалга чыгуу үчүн болгон үч күрөш тең эң оор болуп, акыркы секундаларда жеңишти жулуп алганын айткан.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал алган. Азиянын төрт жолку чемпиону.

Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең жеңишке жеткен биринчи балбан. Ошондой эле ал Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу.

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда 76 килограмм салмакта коло байге үчүн күрөшөт.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда. Буга чейин эркин күрөш боюнча Кыргызстандын балбандары бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев алса, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов тагынды.

Бүгүн, 6-октябрда 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова алгач түштүк кореялык Минжи Ха менен күрөшөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG