Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

Чукул билдирүү: айрым аймактарда үшүк жүрөт


Жалал-Абад. 17.12.2020
Жалал-Абад. 17.12.2020

6-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу чукул билдирүү таратып, үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып бирок үстү жабылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык үшүк Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жүрөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. (МТа)

XS
SM
MD
LG