6-октябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн бардык аймактарында жамгыр, тоолорго кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Чүй, Талас, Нарын облустарында түндө -2....-4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 3...8,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 2...7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...13, күндуз 0...-5°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7°.