Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Бишкек ЖЭБине 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек


Бишкек ЖЭБи
Бишкек ЖЭБи

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилдери үчүн 1 миллион 650 миң тонна көмүр менен камсыздалышы керек. Анын миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү. Калганы Казакстандан импорттолот. Андан тышкары, “Газпром-Кыргызстандан” 68 миллион кубметр газга келишим түзүлгөн. Азыр көгүлтүр отун үзгүлтүксүз келип жатканын Бишкек ЖЭБинин башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачев билдирди.

"Көмүр атайын графиктин негизинде жеткирилип турат. Азыр кампабызда 281 миң тонна көмүр бар. Анын 153 миң тоннасы импорттук көмүр".

5-октябрда Бишкек шаарындагы мекеме-ишканаларга, үйлөргө жылуулук бериле баштады.

Соңку жылдары суук түшкөнү Бишкекти ыш каптайт. Буга ЖЭБден чыккан түтүн да таасир берип жатканы айтылып жүрөт. Ишкананы газга өткөрүү демилгеси каражат маселесинен улам ишке ашкан эмес.

2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулугу жок калган. Кийин ишкананын реконструкциясы боюнча "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, айрым мурдагы жетекчилер соттолгон. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG