Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Токмоктогу медицина борборунда акча кымырылганы кабарланды


Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт
Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт

Токмок шаарынын прокуратурасы Жалпы медициналык практика борборунда акча кымырылганы аныкталганын билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жасалма документтер аркылуу коротулган каражаттан улам мамлекетке 2 миллион 502 миң 885 сом зыян келтирилген.

Текшерүүнүн баштапкы жыйынтыгына караганда, борбордун кызмат адамдары айрым кызматкерлерге жасалма келишим аркылуу акы төлөп, кээ бир материалдарды алууда жасалма документ түзгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул медициналык мекеме мурда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана шаардын аймактык ооруканасы болгон.

XS
SM
MD
LG