Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Октябрь окуяларынын сабагы - парламенттик шайлоо


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 2020-жыл, октябрь.

Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы онунчу ирет өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты. Алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстан Октябрь окуяларынан эмне сабак алды, өлкөнүн алдыдагы багыты кандай болот?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Кайрылууда парламенттик шайлоодо, андагы адилетсиздиктен улам кулаган бийликтин катачылыгын, бийлик жетекчилеринин жоопкерчиликтен качканын, портфель бөлүшүү аракеттерин, партиянын ичиндеги жана өлкөдөгү коррупцияга алып келген шарттар тууралуу айткан.

Садыр Жапаров. Бишкек шаары, 2020-жыл, октябрь.
Садыр Жапаров. Бишкек шаары, 2020-жыл, октябрь.

"Мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду десем жаңылышпайм. Себеби, 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн", - деп жазылган президенттин элге кайрылуусунда.

Мамлекет башчы өзү бийликке келгенден кийинки иштерге токтолгон.

"Чукул арада өлкөдөгү абалды мыйзамдуу жолу менен турукташтырып, стабилдүүлүктү сактап калдык. Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана өлкө Конституциясында белгиленген тартипте жаңы өкмөт түзүлдү. Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок", - деген президент.

Октябрь окуясы: "Кыргыз Үмүтү" аянтка чогулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Бийликти алмаштырган жагдайлар

Өткөн жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун алдындагы биринчи олуттуу саясий өнөктүк эле. Анын саясий рейтинги өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал менен кошо төмөндөп, дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы дагы ого бетер бийликтин шайын оодарган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалган, соттолгон саясатчылардын иши бир жаңсыл болбой, бир тобу үй камагына чыгарылып, бирок ишин кароо создугуп, айрымдары ырайым сураганына карабастан абактан бошотулбай турган. Бул жагдай дагы саясий абалды чыңалтып турган.

Бийликти алмаштырган Октябрь окуясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:58 0:00

Атамбаев-Жээнбековдун тиреши 2019-жылы кандуу Кой-Таш окуясы менен аяктап, Атамбаев оор кылмыштарга айыпталып абакка түшкөн. Кыргыз бажысындагы тамырлашкан коррупция тууралуу резонанстуу журналисттик иликтөөлөргө Жээнбековдун “факты бер” деп айткан жообу эл ичинде шакабага айланган. Эл аралык республикалык институттун сурамжылоосуна ылайык өлкөдөгү элдин саясий жетекчиликке нааразылыгы бийлик күч менен алмашкан 2005-2010-жылдагы чекке жеткен.

Шайлоодо “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары алдыга чыгып, алдын ала жарыяланган жыйынтык боюнча 120 мандаттын 107син алмак. Оппозициялык партиялардан жалгыз гана “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 7% босого чектен өткөн. Бийликчил үч партиянын мандаттардын көбүн бөлүп алышы - шайлоонун эртеси эле жыдып калган оппозициялык партиялардын тарапташтарын Ала-Тоо аянтына чыгарды. Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талаптарынын арты демонстранттардын Ак үйгө кирип барышы менен бүттү.

Бирок бийлик алмашууга алып келген окуяларга шайлоо себеп болгону менен маселенин тамыры экономикалык-социалдык абалга байланыштуу эле дейт Октябрь окуялары боюнча изилдөө жүргүзгөн саясат таануу илимдеринин доктору Асел Дөөлөткелдиева.

“Октябрь окуялары өздөрүнүн жашоо-шартына нааразы болгон карапайым кишилердин көтөрүлүшү десек болот. Коронавирус пандемиясы алып келген экономикалык кризис, Жээнбеков бийлигинин чабал аракети, жумушсуздук, чек аралар жабылып, көптөр миграцияга чыгып кете албай, ага кошул-ташыл пандемиядагы жоготуулар чоң социалдык жарылууга алып келди. Муну кайсы бир саясий күчтөр колдонду”.

Парламенттин депутаты Абдывахап Нурбаев ошол кезде бийликти бир колго топтоо аракети кайра бийликти кулатты деген пикирде.

“Абсолюттук бийликти алуу аракети, “болгон бийлик бизде болот” деген ач көздүк болгон. Административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулган. Мындан тышкары массалык түрдө добуш сатып алуу орун алган. Ошол эле 2015-жылдагы шайлоодо болгон саясий күчтөр, тагырагы Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов жана Өмүрбек Бабанов баштаган саясатчылар парламентке келген да. Жээнбековдор парламентке ар кандай көз караштагы топтордун келишин каалаган эмес. Ошол маалдагы бийликтин ач көздүгү өзүлөрүн жок кылды”.

Чындык издеп үзүлгөн Үмүт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:13 0:00

Шайлоодо жеңишке жетишкен “Биримдиктин” тизмесинде Жогорку Кеңештин 27 депутаты болгон. Арасында Сооронбай Жээнбековдун иниси, парламенттин депутаты Асылбек Жээнбеков да бар болчу. Ал эми экинчи болуп келген “Мекеним Кыргызстандын” курамына 14 депутат кошулган. Бул партияны Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырып келишет. Анын бир тууганы Искендер Матраимов “Мекеним Кыргызстандын” 10-тизмесинде болчу. Ал эми “Кыргызстандын” талапкеринин арасында Жогорку Кеңештин 15 депутаты болуп, тизмени Канатбек Исаев менен Талант Мамытов жетектеп барган. Мамытов Октябрь окуясынан кийин парламенттин спикери болуп шайланган. Жалпы жонунан кайрадан мандат алгысы келген Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы депутаттардын саны 60тан ашкан.

2005-2010-жылдагы революциялардан айырмаланып, Октябрь окуясынан кийин бийликке келген саясий күч азырынча ал окуяларга саясий баа берүүгө ашыккан жок.

Октябрдан кийинки өзгөрүүлөр

Былтыркы парламенттик шайлоодон кийин мамлекетте 13 күн бийлик кризиси өкүм сүрүп, анын жыйынтыгында элдик толкундоо учурунда абактан чыккан Садыр Жапаров бийлик башына келген. Ал дароо эле Конституциялык реформаны демилгелеп, президенттик башкарууга өтүүнү сунуштады. Садыр Жапаров 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, элдик референдумда шайлоочулардын көбү президенттик башкарууга өтүүнү колдоп берген.

Октябрь окуяларынан берки бир жылда Кыргызстанда Баш мыйзам, башкаруу системасы толук өзгөрдү. Президенттик башкаруу формасын артка кайтаруу - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары чечмеленген. Бирок жарандык коом өкүлдөрү бийликтин бир колго топтолушу авторитаризмге алып барат деген чочулоолорун билдирип келишет.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргызстандын көз каранды эместигинин 30 жылдыгына карата "Эгемендик баасы" көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып, Кыргызстан башкаруунун бардык түрлөрүн башынан өткөргөнүн, 2010-жылдагы партиялык башкаруу системасы “өлкөнү таптакыр талкалап салганын” белгилеген. Экономикадагы, саясаттагы оор абал, шайлоодо административдик ресурстун колдонулушу үчүнчү революцияга себеп болгонун кошумчалап, “мындан ары революцияларга жол бербеш үчүн башкаруунун жаңы системасы түзүлгөнүн” айткан эле.

“Бир бутактуу башкаруу системасы болду. Буга чейин үч бутактуу болгон. Парламент өзүн-өзү билчү, өкмөт өзүнчө, президент өзүнчө болчу. Бири-бирине баш ийбейт, эч кимиси жооп да бербейт. Ошондуктан жоопкерчилик бир эле кишиде болсун деп жатабыз. Менин башкаруу мөөнөтүмдө гана эмес, андан кийин келген киши да өзүнүн жеке моюнуна алып, экономикада, ички жана тышкы саясатта керт башы менен жооп бергидей болушу керек”.

Саясат талдоочу Эмил Жороевдин пикиринде, жоопкерчиликти бир киши алганы азырынча байкалбай турат. Өлкөдө бир жыл ичинде бир топ реформалык жараяндар башталды. Бирок алардын баш-аягы жок бүдөмүк абалда турат деди ал.

“Жаңы бийлик, элдин ишенимин, добушун алып, "жакшы өзгөрүүгө кадам таштайбыз" деген убада менен келди. Менимче, баалоо үчүн критерий – багыт! Биз туура багыт тандап алдыкпы? Кризистен, кыйынчылыктан алып чыга турган багытыбыз туурабы? Бул жактан алганда, тилекке каршы, так багыт көрүнбөй турат. Бир топ реформалык жараяндар башталды. Алар бүтө элек. Менин айтарым, ошол башталган процесстердин деле багыты суроо туудурган багыттар. Ошол эле мыйзамдык реформалардын арасында толгон-токой көйгөйлөр бар. Кумтөр боюнча президентке чоң ишеним артылган. Бул боюнча дагы кырдаал бүдөмүк болуп турат. Бир чети, буга чейин айтылып келгендей "убакыт берели, жыйынтык чыгарууга эрте" деген пикирлер бар. Бирок бүгүнкү күндө президент баш болгон лидерлерден так аныктамалар, отчет десек деле болот, ошону укканыбыз туура болмок. Бизге бүдөмүк көрүнүп жаткан процесстердин тыянагы кандай болорун айтса жакшы болмок”.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев буга чейин Кыргызстан 2005-2010-жылдагы окуялардан жакшы сабак, жыйынтык чыгара алган жок дейт. Ал бул жолкусунда эч кандай ката кетирбейбиз деген пикирде.

“Биз дайыма бул сыяктуу окуялардан сабак алып, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тилекке каршы, 2005-2010-жылдардагы окуялардан жакшы сабак алып, жыйынтык чыгара алган жокпуз. Бул жолкусунда кудай буюрса, ката кетирбейбиз. Президентибиз Садыр Нургожоевич "демократиялык жолдон тайбайбыз" деп дайыма айтып жүрөт. Демократиялык жолдон тайбайбыз, мыйзамдуулуктан тайбайбыз. Эң башкы максатыбыз - мыйзам диктатурасын орнотуу”.

Мамлекеттик катчы Баш мыйзамдын өзгөргөнү менен структуралык түзүлүштү оңдоп чыгуу кыйла татаал экенин айтып, азырынча бул жаатта айтылган сындарды туура кабыл алып жатышканын моюнуна алды.

“Баш мыйзамды өзгөрттүк. Конституция 5-майда күчүнө кирди. Бирок структуралык түзүлүштү оңдоп чыгыш кичине татаал экен. Бул жагы узарып кеткени бүгүн илимий конференция өткөрдүк эле, ошол жерде дагы сын катары айтылды. Туура, мамлекеттик башкаруу системасы толугу менен Конституциянын талабына ылайык иштеп баштай элек. Муну моюнга алышыбыз керек. Тиешелүү бөлүмдөр мунун үстүнөн иштеп жатат. Жаңы Жогорку Кеңештин шайланып келиши менен дагы балким, айрым бир структураларды бекитербиз. Иш токтогон жок, жүрүп жатат. Жылдын этегине чейин толук Баш мыйзамдын талабы менен иштегенге өтөбүз. Ошондуктан "Баш мыйзам качан толук иштейт" деген сындар туура эле. Бизде структуралык түзүлүштө кемчиликтер болуп жатат. Мурдагы калыптанып калган түзүлүштөрдү өзгөртүш оор экен. Ал жерде адам фактору деген бар. Премьер-министрдин институту толугу менен жоюлуп Министрлер кабинетине айланып жатат. Мындайча айтканда, бир эле Президенттик администрация түзүлүп жатат. Мунун баары кылдат, ойлонулуп, шашылыш чечим чыгарбай аткара турган иштер экен. Ошон үчүн кечигүүлөр болуп жатат”, - деди Чолпонбек Абыкеев.

Октябрь окуяларынан кийин бир эле нерсе – элдин эски саясатчылардан тажаганы ачык-айкын болгонун эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул белгиледи. Ал бир жыл ичинде Октябрь окуяларынын сабагы, азыркы өлкөнүн алган багытына байланыштуу суроолор көп экенин айтты.

“Албетте, аралаш сезимдер бар. Мисалы, Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик башкарууну орнотуп жатканыбыз бир жагынан жакшыдай. Анткени, бир адам жооптуу болуп, бийлик менен жоопкерчилик бир жерде болот. Экинчи жагынан, тарыхыбызды, тажрыйбабызды карап келсек, маданиятыбыз ушундай экен, тууганчыл, жердешчил келет экенбиз. Ушундай жагдайда бул дагы оптурталдуу нерсе. 2010-жылы парламенттик системаны сунуштап жатканда дагы модели шашылыш, эрте болуп калганы дагы көрүнүп калды. Даярдыгы жок эле өтөбүз деп, “шоковая терапия ” ыкмасына салып, Баш мыйзамды өзгөртүп, парламенттик демократияны курабыз дедик. Бирок убакыт менен чыныгы реалдуулук өзүнүкүн көрсөттү. Президенттик бийлик баары бир күчтүү болуп турду. Жоопкерчиликти эч ким албагандыктан "ушул президенттик бийлик туура го" деген ойго өзүбүз алып келип койдук. Ошол саясатчылар, эксперттер дагы убагында көрө-биле албагандан улам болду. 1991-жылдан бери ачык, демократиялык коом курабыз деп, эркиндикке умтулган эл катары дүйнөгө өзүбүздү презентациялап келдик эле. Азыр ошонун баарынан артка чегинип жатабыз. Бизде болгон өзгөрүүлөрдү Батыш өлкөлөрү дагы терс кабыл алды, Орусия деле жакшы пикир айткан жок. Биздин багыт так болбогону үчүн көптөр бизди түшүнбөй турат. Бирок үмүт керек, үмүт болот. Биз бул окуялардын чыныгы сабагын алып, башкаруу системасы натыйжалуу иштете алсак жакшы эле болот эле”,-деди Чынара Эсенгул.

Кыргызстан өткөн жылдагы коронавирус пандемиясынан кийинки экономикалык оор кырдаалдан чыга элек. Баалардын өсүшү, ага кошул-ташыл энергетикалык таңкыстык жаралды, Кумтөр боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатат. Өткөн апта соңунда президент Садыр Жапаров “Фейсбук” баракчасына Кыргызстандын алдында турган бир катар оор маселелер боюнча пикирин жазды. Анда президент электр энергиясы, Кумтөр, кымбатчылык, шайлоо маселелерине токтолгон.

“Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек”, - деди президент.

Кайрадан парламенттик шайлоо

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Өткөн жылдагы Октябрь окуяларында парламенттеги олигархизациянын жаралып калышына дагы каршылык болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул жолу деле ар кандай кызыкчылык менен парламентке умтулгандардын саны көп экенин айтат.

“Бир жыл мурун “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” менен шайлоого баргандардын бир бөлүгү жоопко тартылып, мамлекетке акча төгүп берди. Калганы кайрадан эле бийликке жакын партиялардын катарына кошулуп, же бир мандаттуу шайлоо округу менен жарышка жөнөштү. Кээ бирөө жаңы партияларды түптөп жатат. Азыр мурдагыдай эле бийликке жакын үч партия пайда болду. Бир мандаттуу округдар менен шайлоого барган олигархтар аларга жардам берип жатышат. Алар өзүнө жана бийликчил партияларга үгүт жүргүзөт”.

Президент Жапаров “Фейсбук” баракчасы аркылуу алдыдагы шайлоо тууралуу пикирин билдирип, парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп берип жатканын жазды.

“Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат. Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Ал эми "эскилер кайра келе жатышат" деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң".

Октябрь окуяларынын сабагын алып, жыйынтык чыгара алдыкпы деген суроого алдыдагы парламенттик шайлоодон жооп болот дейт коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

“Сабакты өздөштүрүүнүн формасы болот. Ошону аткара билүү жөндөмү болот. Анан ошол сабакты алган субъектилер бар. Функционалдык жөндөмү, кудуретине келсек, алдыда боло турган шайлоо көрсөтөт. Эми сабак ала турган субъектилерге келсек, жалгыз эле бийлик эмес да. Эл дагы ушул шайлоодо эркин эмес экенин, акчага алданып калганын көрсөтүп жатпайбы. Отуз жылдан бери эле ушуну менен алышып келе жатабыз. Система күнөөлүү экен деп дагы сабак алдык окшойт. Азыр система өзгөрдү, Баш мыйзам өзгөрдү. Биз кандай коом курганы жатабыз, кандай баалуулуктарды тандайбыз, "мамлекетибиз кандай болот" деген маселелердин башы ачылбай турат. Коомдун ичинде дагы ниет, күтүү көп болуп жатпайбы”.

Саясатчы Бектур Асанов шайлоо таза өтсө өлкөдө туруктуулук орнойт деген пикирде.

“Бизде 30 жылда калыптанган эркиндикке, демократияга болгон умтулуу жогору. Жарандык коомдун көзөмөлү өлкөнү авторитардык режимге алып барууга жол бербейт. Ошон үчүн былтыр бийлик алмашты. Бул окуялардан оболу бийлик сабак алышы керек. Алдыдагы шайлоо таза өтсө өлкөдө туруктуулук орнойт деп турам”.

Ушул тапта шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов облустарды кыдырып, мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт.

Кыргызстандын тарыхында таза шайлоо болгон эмес. Бийликте тургандар элдин алдына чыгып “шайлоо таза өтөт” деген убада берип, ошол эле маалда тымызын тескери буйрук берип келишкен. Эми таза шайлоо өткөрүш керектигин бийлик, Садыр Жапаров жакшы түшүнүп турат. Бийликтин партиясы, талапкери, административдик ресурс деген болбойт. Эгерде мамлекеттик кызматкерлер кимдир бирөөгө иштеп берсе, анда жумуштан кетет. Эгер мыйзам бузса жоопко тартылат”.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы үч президент менен иштешкен жана алты жылдан ашык иштеген алгачкы парламент болуп калды. Алдыда жаңы шайлоо системасы менен парламент жаңыланат. Бирок анын курамы канчалык жаңы болот жана шайлоо кандай өтөрүн азырынча болжоо кыйын. Учурда шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирди, ал эми бир мандаттуу округдан депутат болгусу келгендердин саны 4-октябрга карата 84кө жетти. Келерки парламент 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык ачык тизме, калганы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келет.

Октябрда жараат алгандар бийликтен жардам күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:31 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG